super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Шайлоонун коопсуздугун 376 милиция кызматкери жана элдик кошуундун 1130 мүчөсү камсыздайт

 
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев төрагалык кылган селектордук жыйында Ысык-Көлдөгү жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө уюштуруучулук-техникалык маселелер жер-жеринде толугу менен чечилгенин билдирди өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү М. Асанакунов. Белгилей кетсек, жыйын облустук коопсуздукту коргоо мекемесинде атайын орнотулган экранда түз байланыш аркылуу жүрүп, анда өлкөдөгү бардык облустардын жетекчилери катышты. Ыйгарымдуу өкүлдүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетовдун билдиргендерине таянсак, шайлоо күнү облус боюнча шайлоо участкаларында 376 милиция кызматкери жана элдик кошуундун 1130 мүчөсү коопсуздукту сактоо үчүн кызмат өтөшөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: