super.kg logo

Эсептөө палатасынын төрагасы тышкы карыз боюнча: "Акчаны өздөштүрбөгөнүбүз үчүн Кытайдын банкына 4,6 миллион доллар комиссия төлөдүк"

 

“Акча жок, акча жок дейбиз, бирок тышкы карыз боюнча акча каражатты өздөштүрбөгөнүбүз үчүн да ашыкча комиссия төлөп жатабыз. Мына "Эксимбанкка" 4 миллион 622 миң доллар комиссия төлөдүк” деп Жогорку Кеңештеги тармактык комитетинин 9-октябрдагы жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, Эсептөө палатасынын отчётунда жазылган мыйзам бузуулар боюнча чара көрүлүш керек.

"Бюджеттик кодекстин жаңы беренелери боюнча Эсептөө палатасы Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, ар жылы 1-сентябрга чейин отчёт беребиз. Ошол отчёттун негизинде өкмөт жана Жогорку Кеңеш токтом кабыл алышат. Жогорку Кеңештин депутаттары, сиздер токтомду жөн эле кабыл албастан отчётто жазылган ар бир кемчиликтер боюнча чара көрүңүздөр. Эгер чара көрүлбөсө, анда мындай мыйзам бузуулар кайталана берет.

Мына тышкы карыз боюнча айтсам, "акча жок, акча жок" деп жатабыз, бирок биз акча каражатты өздөштүрбөгөнүбүз үчүн үстөк пайыздын үстүнө кошуп да кайра комиссия төлөп жатабыз. Мисалы, "Эксимбанкка" 4 миллион 622 миң доллар комиссия төлөдүк", - деди Марипов.

Мындан тышкары ал Кара-Балтадагы таза суу долбоору боюнча тиешелүү адамдардын шалаакылыгынан 50 миң евро бюджеттен кошумча төлөнгөнүн айтты. "Биздин отчётто ушундай жагдайлар так жазылган. Ушулар боюнча өкмөт баш болуп тыкыр көзөмөл кылсаңыздар, бир топ адамдарга чара көрсө болот. Мына биз тышкы карыз боюнча тиешелүү министрдин орун басарын жумуштан алуу боюнча өкмөткө сунуш берип, Башкы прокуратурага да кайрылдык”, - деп кошумчалады Эсептөө палатасынын төрагасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2018. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын шоруна бүткөн акмактар отурасыңар да жогорку кызматтарда!((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: