super.kg logo

Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум: жабырлануучу тарап иш кайра тергелишин талап кылууда

 

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук кароонун жүрүшүндө жабырлануучу тараптын жактоочусу Рабига Сыдыкова ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүү керектигин айтты.

"Бул кылмыш иши дыкаттык менен тергелиши керек. Буюртма берген адам ким экенин аныктоо керек. Иш кайрадан тергелип, бул жерде саясий буюртма экенин, мунун артында кимдер турганын аныктоо зарыл", - деди Сыдыкова.

Аида Салянова иш кайра каралып чыгышын колдоду. Анын айтымында, бул кылмышка бир эле адам жооп бергени туура эмес.

Мындай талапка айыпталуучу да макул болуп: "Абыкулов (ред. Асанэмир Абыкулов - Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалган үчүнчү адам) келсин. Баарын айтып берет", - деди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: