super.kg logo

Кыргыз мамлекетинин Украинадагы консулунун кызматтык унаасын уурдап кетишти

 

Кыргыз мамлекетинин Украинадагы консулунун дипломатиялык номерлүү унаасын 10-октябрга караган түнү уурдап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, консул өзүнүн Toyota Highlander үлгүсүндөгү унаасын Киев шаарынын Печерский районундагы үйүнүн жанына токтоткон. Эртең менен жумушка чыгып баратып, унаанын жоктугун байкаган. Консулдун белгилешинче, унаасында күйүүчү май дээрлик жок болгон, ошол себептен уурдагандар жакынкы май куюучу жайлардын бирине барышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилиги уурдалган унааны издеп табууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп, Украинанын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн.

Учурда тартип сакчылары "унаа уурдоо" беренеси боюнча иш козгоп, жакынкы май куюучу жайлардагы видеожазууларды карап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.10.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оздорунда уурдап кетишбептир.
10.10.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bekzamann,дагы 120 пачка бар мындайлардан деп ууруларга айтып коюш керек экен)))
10.10.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пайдасыздардын унасын урдашыптырда билгендей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: