super.kg logo

"Керек болсо премьер-министр өзү келсин". Депутат "Коопсуз шаар" долбоорунун сынагы боюнча маалымат угууну сунуштады

 

“2017-жылдан бери "Коопсуз шаар" долбоору боюнча 7 жолу тендер өтүп, 7 жолу бузулду". Бул тууралуу депутат Абдывахап Нурбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Ал аталган маселе боюнча премьер-министр Жогорку Кеңеште маалымат бериши керек деген пикирде.

"Биз өкмөттүн деңгээлин көрдүк. Эмнеге татыктуу экени билинди. Эми сынак боюнча бири-бирин сотко берип жатышат. Премьер-министр керек болсо парламентке өзү келсин. Ушундай өкмөттүн кереги барбы бизге? Дүйнө өлкөлөрү "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизип жатат. Биз болсо отурабыз. Уят да", - деди ал.

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча 2018-жылдын 4-сентябрында өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгында сынактык комиссия катышуучу компаниялардын документтерин карап чыгып, “Вега” радио куруу концерни” компаниясын жеңүүчү катары сунуштаган. Ал эми ушул эле аукциондун экинчи катышуучусу болгон “Маалыматтык системдер коопсуздугу” ишканасы “Вега” концернинде акыркы үч жыл ичинде жол эрежелеринин бузулушун фото жана видео тасмага алууну тастыктаган тажрыйбасынын ылайыктуулугу тууралуу маалымат жок деген билдирүү менен Даттануулар боюнча комиссияга кайрылган.

Даттануулар боюнча комиссия бул билдирүүнү карап чыгып, “Маалыматтык системдер коопсуздугу” компаниясы тарабынан берилген маалыматтардын айрымдарын тастыктап, сынактык комиссиянын чечимин биротоло жокко чыгарган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: