Бишкекте курулушта иштеп жаткан адамды ток уруп, ал ооруканага жеткирилди
Бишкек шаарында курулушта иштеп жаткан адамды ток уруп, ал ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин районуна караштуу Ак-Өргө жаңы конушунун Курманжан-Датка көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине чакыруу түшкөн. Анда 29 жаштагы С.М. аттуу жаран курулушта иштеп жатып токко урунган. Аталган дарекке куткаруучулар барып, жабырлануучуну 3-кабаттан түшүрүп беришкен. Кийин ал "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.