super.kg logo

Абдывахап Нурбаев: "Облустарды, министрликтерди жойсо дагы мугалимдердин айлыгын көтөрүү керек"

 

"Облустарды, министрликтерди жойсо да мугалимдердин айлыгын көтөрүү керек" деп бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев айтты.

Ал мугалимдердин айлыгы көтөрүлмөйүнчө өлкөдө өнүгүү болбой турганына токтолду.

"Өкмөт "аймактарга чыгып билим берүү тармагын жакшыртыш керек" деп кооз сүйлөп жатат. Бирок өлкөдө мугалимдердин айлыгы аз. Биз билим берүү тармагын жакшыртмайынча эч качан өнүгө албайбыз. Мен ойлойм, керек болсо облустарды, министрликтерди жойсо да мугалимдердин айлыгын көтөрүү керек. 8 миң, 10 миң сом алган мугалим кантип сапаттуу билим бере алат? Ошондой эле мугалимдер ипотекалык үй алып жатканда баштапкы 30 пайыздык баа көп экендигин айтып, ошону түшүрүп бергиле деп жатышат. Өкмөттөн ушул маселелерди чечүүгө аракет кылсын”, - деди Нурбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.10.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз! Ушул сунушуңузду акырына чыгарсаңыз жакшы болот эле. Сиздей ой жүгүрткөн эл өкүлдөрүнүн аздыгы өкүндүрөт тилекке каршы.
11.10.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданият кызматкерлеринин айлыгы,медиктердин айлыгы которулду,неге мугалимдин айлыгы жонундо эч Ким ойлонбойт?Президент ОЗУ да мугалимдиктен баштаган эле го эмгек жолун.Абдувахап мырза,сиздин бул сунушунуз жерде калбай,созсуз ишке ашат деп Умут кылам.себеби аз айлыкка канча нерв,канча энергиямды коротуп иштеп журуп чарчадым,болбосо мугалимди таштайм го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: