super.kg logo

Бүгүнкү күндө миңден ашуун дипломатиялык паспорт пайдаланып жатканы белгилүү болду

 

Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик ишмерлер үчүн даярдалып, кызматтык сапарлар үчүн гана пайдаланылыш керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ишмер мамлекеттик кызматтан бошотулганда мамлекеттик орган дипломатиялык жана кызматтык паспортун Тышкы иштер министрлигине жок кылууга кайтарат. Эгер паспорт өз убагында кайтарылбаса, маалыматтар Чек ара кызматына жөнөтүлөт.

Дипломатиялык паспорт чет мамлекеттерде дипломатиялык кол тийбестиктин кепилдигин бербейт. Ал болгону кызматтык сапарларда чек аралардан өтүү жана виза алуу процесстерин жеңилдетет. Дипломатиялык кол тийбестик эгер паспорттун ээси чет мамлекетте Вена конвенциясына ылайык катталган болсо гана иштейт. Адатынча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүндө иштеген дипломаттарда мындай кол тийбестик болот.

"Бүгүнкү күндө пайдаланууда 1184 дипломатиялык жана 710 кызматтык паспорт бар. Алардын ичинен 647 дипломатиялык жана 161 кызматтык паспорт ТИМдин Борбордук аппаратынын жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн. Калган паспорттор өкмөттүн тиешелүү токтомуна ылайык, тизме боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлерине берилген.

ТИМ премьер-министрдин буйругу менен дипломатиялык жана кызматтык паспортторду пайдалануу жол-жобосун жакшыртуу боюнча ишин улантат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоюп салгыла дип.паспортторду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: