super.kg logo

Депутат эгиз кыздарын таппай жүргөн кишинин окуясын айтып берди

 

"Сот эгиз кыздын атасын макулдугу жок аны ата-энелик укугунан ажыратып, балдар үйүндөгү эгиздерди белгисиз жакка жиберишкен” деп бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.

Депутаттын айтымында, Дордой-2 конушунун тургуну жашоо-шартынын оордугунан эгиз кыздарын балдар үйүнө убактылуу берип учурда аларды таппай жүргөн чагы.

“Мен көтөргөн маселе боюнча өткөндө тиешелүү министрлик жалган маалымат дептир, ошого жооп берип коёюн. Менин кабылдамама Бишкек шаарынын Дордой-2 конушунун тургуну Шамурзаев келди. Анын 7 баласы болгон, эң кичүүлөрү - эгиз кыздар. Шамурзаев бир канча жыл мурун жашоо-турмушунун оордугунан Орусияга иштегени кеткен. Анын үй-бүлөсү көп жолу социалдык өнүктүрүү министрине кайрылган. Аталган министрлик ата-эненин суранычы менен балдарды “турмуш-шартыңар жакшырганда аласың” деп эгиз кыздарын балдар үйүнө алган. Кийин Шамурзаев үйлүү болуп, кыздарын алайын десе алар жок экен.

Сот Шамурзаевдин макулдугу жок аны аталык укуктан ажыратып, эгиздерди эки башка жакка жиберип коюшкан. Азыр кыздардын атасы эркек болсо да балдарымды таап бергиле деп ыйлап отурат. Соттошоюн десе адвокатка берүүгө акчасы жок. Эмне үчүн балдар үйүнүн кызматкерлери ушундай мыйзам бузууга алып барышат. Ушул маселеге көңүл буруп коюңуздар”, - деп депутат өкмөт өкүлүнө кайрылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.10.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Сатып жиберишти да
11.10.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Сотторду соттош керек
11.10.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оа жакшы кылдыныз.. Соттордун озун соттош керек болуп калды..
11.10.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай сактаааа...адамдар иштебей эле кимдер иштеп аткан жогорку жакта?
11.10.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ата энеси жок, томолой жетим балдар толтура го, ошолорду асырап алууга берсе болбойбу акмактар, атасы бар кыздарды экиге болбой, тем более эгиздерди. Кантип дити барат ушундай ыплас иштерге, жазалаш кк тиешеси бар адамдарды.
12.10.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатып жиберишти да бизде бала сатуу бир буюм саткандай эле болуп калды го. Коркосуң. Жүрөгү жок мерез адамдар кайдан жаралышат билбейм тообо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: