super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында Кыргызстан 6 медалга ээ болду

 
Спортчуларды "Манас" аэропортунда жакындары тосуп алышты
Алтын медалдын ээси Алексей Федосеев
Спортчуларды жакындары куттуктап жатышты
Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчулар
Кыргызстандын эсебине 4 медаль алып келишкен кикбоксчулар
Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчу
Уруш искусствосу боюнча жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар 6 медалга ээ болушту. Алар: 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Алтын медалды 63,5 килограммга чейинки салмактагылар арасында беттешүүгө чыккан кикбоксчу Алексей Федосеев жеңип алды. Сталбек Дарканбаев (71 кг) күмүш , Кумар Жалиев (81 кг) коло , Уланбек Касымбеков (57 кг) коло медалдарына ээ болушту. Ошондой эле Алексей Кибкало жана Татьяна Когадейден турган бий жуптары латын-америкалык стилинде 3-орунга татыктуу болушкан. Ал эми Данияр Кашкараев тай боксу боюнча (57 кг) күмүш медаль алган. Эскерте кетсек, Азия оюндары Түштүк Кореянын Инчхоне шаарында өтүп жатат. Анда Кыргызстандан спорттун 5 түрү боюнча спортчулар катышууда. Жогоруда аты аталган спортчулар кечээ кечинде Кыргызстанга учуп келишти.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: