"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Айдоочу унаасы менен сүзгөн аял алган жаракатынан улам көз жумду"
Буга чейин "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына БМВ үлгүсүндөгү унаа белгисиз аялды сүзүп окуя болгон жерден изин суутуп кеткенин окурман маалымдаган.
Ал эми бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кырсыктаган аял ооруканага бара жатып көз жумганын кабарлашты.
"Кырсык Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Белгисиз айдоочу европа түспөлүндөгү 40-50 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабыр тарткан аял башынан оор жаракат алып "Тез жардам" кызматы менен ооруканага бара жаткан жеринен көз жумган", - деп билдирди маалымат кызматы.
Ошондой эле окуянын күбөлөрү көрсөтмө берип, айдоочуну колго түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.