Кара-Балтада 32 жаштагы аял унаасы менен өспүрүм кызды сүзүп кетти
Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 32 жаштагы аял 11 жаштагы кызды унаасы менен сүзүп алды. Мындай маалыматты Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктап, учурда окуя толук иликтенип жатканын айтты.
Аталган бөлүмдүн ага тескөөчүсү Темирлан Мирсадык уулунун айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 11-октябрь күнү саат 12:30 чамасында катталган.
"Анда Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мектепке бара жаткан окуучу кызды сүзгөн. Жабырлануучу кыз алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу кырсыктан кийин нес абалда болуп ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери териштирилүүдө", - деди Мирсадык уулу.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Тосмо арыз деп кое бербей 1-2 жылга каиагыла. 5 жылга унаа айдоо укугунан ажыраткыла... Адам омуру силерге оюнчукпу?!! Озунорду башкалар сузуп, майып болуп калсанар эмне болот эле, ойлонуп кордунорбу?!!