super.kg logo

Түптө 48 жаштагы тургундун үйүнөн 6 кап кара куурай табылды

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы жергиликтүү тургундун үйүнөн 6 кап кара куурай табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 48 жаштагы тургундун үйүн тинтүүгө алган учурда кочкул жашыл түстөгү, жыты бар зат салынган 6 кап табылган. Натыйжада ал кара куурай экендиги аныкталган.

"Баңгизаттын ээси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факт боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

Тинтүү атайын операциянын алкагында жүргөн жана ага соттун макулдугу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.10.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнеге Ысык-Колдо кой десе болбой кара куурайды остуро беришет,башка бизнес жокпу? Каякка алып барып сатышат болдукен анан? Потребителдер коппу же Колдо?
11.10.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asyl10, өстүрбөйт, ал жамгырга эле көбөйүп өзү жапайы болуп өсө берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: