super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Улуу Британиянын сахнасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү коюлду

 
"Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндү
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаков жана Улуу Британиядагы "Орзу Артс" Борбордук Азия театрынын актрисасы Кейти Травельян
Шекспирдин "Ричард III" спектаклинен үзүндү

Англиянын Стратфорд-апон-Эйвон (Эйвон дарыясындагы Стартфорд) шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларынан үзүндүлөр коюлду. Мындай иш-чараны Кыргыз өлкөсүнүн Улуу Британиядагы элчилиги менен жергиликтүү Шекспир атындагы фонд биргеликте уюштурган. Иш-чараны өткөрүү үчүн Кыргыз өлкөсүнөн атайын актёрлор чакырылган. Алар сахнада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндү коюшту.

Чыгармадагы башкы каармандардын бири Субанкулдун ролун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаков ойносо, Толгонайдын ролун Улуу Британиядагы "Орзу Артс" Борбордук Азия театрынын актрисасы Кейти Травельян аткарган. Спектаклди аталган театрдын режиссёру Юлдош Журабоев койду.

Шекспир атындагы фонддун өкүлдөрү маданий иш-чаранын алкагында Уильям Шекспирдин чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту. Ал эми Кыргыздан барган актёр Алымкул Исаков Шекспирдин "Ричард III" спектаклинен үзүндү аткарды. "Уильям Шекспирдин кичи мекени Стратфорд-апон-Эйвон шаарында кыргыз таланттарынын койгон спектаклдери көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты", - дейт Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаков.

"Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндү ойнодук. Англиялык искусство өкүлдөрү менен иштешүү биздин алгачкы ишибиз эмес. Буга чейин дагы мындай биргелешкен спектаклдерди коюп келгенбиз. Буюрса, ушул жылдын декабрь айында ушул эле чыгарманын толук версиясын мен жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Жаңылай Исакова, "Орзу Артс" Борбордук Азия театрынын актрисасы Кейти Травельян менен биргеликте Англиянын парламентинин алдында коёбуз", - деди Алымкул Исаков.

Маданий иш-чаранын алкагында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мекени - Кыргыз жеринин кооз жана кызыктуу жерлери, маданияты тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.10.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы. Эмнегедир Айтматовду бир гана Азаттык сайты гана даназалап, байма бай айтып турат. Айтматов кыргыз элинин тарыхында унутулгус, кыргызга туболук улгу боло турган адам. Негизи Супер инфо Айтматов жонундо, анын акылман ойлору жонундо кобуурок чыгарып турсанар жакшы болмок.
nuri1 түзөттү 2018-10-11 19:00:29
12.10.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri1, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: