"Маламут тукумундагы ит менен карышкырды аргындаштырып кыргыз овчаркасын чыгарам" дейт Чыңгыз Сейитбеков









Чыңгыз Сейитбеков - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну. Ал он жылдан ашык убакыттан бери иттердин тукумун, кайсы тукумдагы ит эмнеге жөндөмдүү экенин өз алдынча изилдеп келет. Мындай иш-аракеттеринин негизги максаты тууралуу ал SUPER.KG порталына айтып берди.
Айтымында, анын мындай иш-аракеттеринин негизги максаты - кыргызга таандык болгон жаңы тукумдагы иттерди аргындаштырып чыгаруу. Анткени ата-бабаларыбыз итке чоң маани берип, иттер күнүмдүк турмушта чоң жардамчы болушкан.
"Илгертен эле итке чоң маани берип, аны турмуш-тиричиликтеги чоң жардамчысы катары көрүп келишкен. Мындан улам иттердин эң күчтүүлөрү, жыт сезгичтиги мыктылары, акылдуулары бааланган. Тагыраак айтканда, тайган иттерге көп маани беришкен.
Анткени ата-бабаларыбыз аң уулоо менен жашап, аңчылыктан алып келген эт менен бүтүндөй бир айылды бага алган. Мына ошол аңчылардын чоң жумушу тайгандар аркылуу жүргөн. Ушуларды окуп-билип, кийинчерээк кыргыздар ага маани бербей калганын ойлоп, иттин жаңы тукумун чыгаруу аракетин көрө баштадым", - дейт ал.
Анын айтымында, учурда Аляска маламуту тукумундагы ургаачы ит менен карышкырды аргындаштыруу планы алдында турат.
"Башка улуттар иттерди аргындаштырып, жаңы тукумдарын алып жатат. Мындан улам жаңы тукумдагы итти чыгарууда кыргыздын жашоо-шартына ылайыктуу, кыял-жоругу, мүнөзү, кабыл алуусу, адамга жакындыгы тууралуу ойлондук.
Бардык тараптан адамга пайдалуу делген жаңы тукумдагы иттерди аргындаштырып чыгарууну максат кылганбыз. Бул үчүн өлкөдөгү эң эле күчтүү делген кинологдордун кеп-кеңештерин алдык. Анын негизинде Аляска маламуту тукумундагы ит менен карышкырды аргындаштырып, кыргыз овчаркасын чыгаралы деген аракеттин үстүндө иштеп жатабыз.
Буюрса, келе жаткан март айынын орто ченинде күчүктөр туулуп калат. Немис овчаркасы менен аргындаштырып чыгаралы деген ой бар болчу, бирок андан кийин немис овчаркасы деген талаш-тартыштар жаралышы мүмкүн деген жыйынтыкка келдик. Аляска маламутун тандап алганыбыздын себеби - анын теги кыргыз иттерине таандык, канында 70 пайыз кыргыз дөбөтүнүн каны бар экенин билдик. Маламут күчтүү, акылдуу, жытты карышкыр сыяктуу 1 күн бою мурдунда сактап жүрөт.
Аны кыргыз өлкөсүндөгү эле кадимки карышкыр менен аргындаштырабыз. Мунун максаты кыргыз тайганы, кыргыз дөбөтү сыяктуу эле кыргыз овчаркасын чыгаруу болуп саналат. Анын кызматы жана жөндөмү кандай болот? Чек арачыларга жакшы кызмат көрсөтөт, аң уулоого ылайыктуу, мээсинде жытты 24 саат сактайт, жытты 10 чакырымдан сезет, күчтүү жана акылдуу. Өзүм көбүнчө чек арачыларга эң чоң жардамчы боло турган ит болот деп болжолдоп жатам. Өзүңүздөр билгендей, чек арада маселелер болуп келет, андагы жоокерлерге жакшы жардамчы болот деп ишенем. Май айында жаңы тукумдагы күчүктөрдү элге көрсөтүүнү пландоодобуз, бул чоң ачылыштан кийин күчүктөрдүн алгачкыларын чек арачыларга белек катары берейин деген ниетим бар.
Калгандарын аң уулоого үйрөтүп, алардын аңчылыктагы мүмкүнчүлүктөрүн сынап, далилдеп берем деген ойдомун", - деди Сейитбеков.
Карышкыр баккан жигит












1 |