super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мирлан Жээнчороев: "Бабанов менен Жээнбековдун биригүүсү өлкө үчүн ынтымакты, натыйжалуу иштерди алып келмек”

 

Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Руслан Казакбаев президентке ачык кайрылуу жасады. Эл өкүлү Сооронбай Жээнбеков Таласка жасаган сапарында мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин айтканын эске салды. "Бабанов шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, президентти колдоп берди жана өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашкан жок. Өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан президенттен Бабановго козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алуусун суранат элем", - деп кайрылуу жасады депутат.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Жээнбеков Бабанов менен тандемге барышы мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.

Жээнчороев шайлоодо атаандаш болгон саясатчылардын биригүүсү дүйнөлүк саясий практикада болуп келгенин айтты.

“Шайлоодо атаандаш болуп, бирок андан кийин эки программанын жакшы жактарын бириктирип, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн бир команда болуп иштешүү, тандемге баруу дүйнөлүк саясий практикада кеңири болуп келген. Бизде да ошондой нерсе болушу мүмкүн. Анткени Бабановдун тажрыйбасына көпчүлүк жакшы баа берет. Ал инвестицияларды тартууда, башкарууда мыкты адис болуп эсептелет. Анын топтогон тажрыйбасы, эл аралык байланыштары, билими өлкө үчүн иштөөгө пайдасын гана берет. Экөөнүн биригүүсү бир гана саясий упай эмес, ынтымакты, жыйынтыктуу иштерди алып келмек”, - деди Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Зарылбек Рысалиев, экс-депутат Камчыбек Ташиев жана саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: