super.kg logo

"Майкл" бороону Флоридадагы АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн базасын талкалап кетти

 
"Майкл" бороону Флоридадагы АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн базасын ("Тиндалл") зыянга учуратты. Базанын аймагындагы аба күчтөрүнүн мүчөлөрү үй-бүлөсү менен жашаган үйлөр олуттуу зыянга жана кыйроолорго учураган. Мындай маалымат кечээ, 11-октябрда аба күчтөрүнүн фейсбуктагы официалдуу баракчасына жарыяланган.
Буга чейин Панама-Сити шаарына жакын жайгашкан "Тиндалл" базасындагы аскердик персоналдарды бороондун жакындап келе жаткандыгына байланыштуу эвакуациялашкан. Бороондун соккусунан кийинки абалды калыбына келтирүү багытында иш алып барган кызматтар жана базанын жетекчилиги абадан байкоо жүргүзүп, база толугу менен зыянга учураганын аныкташты.

Маалыматта белгилүү болгондой, турак үйлөр менен катар учактарды тейлөөчү жана кондуруучу аянттар олуттуу зыян тартып, бош калган. Ошондой эле деңиз жээгиндеги жүк түшүрүүчү жана кеме токтоочу жай толугу менен талкаланган. Аскердик аба күчтөрүнүн базасы жабылды.

"Майкл" бороону АКШнын түштүк жээктерин шаршемби күнү каптаган. Бороондун күчү ал маалда Саффир-Симпсондун шкаласы боюнча, 4-категорияга жетип калган. Эң күчтүү категория аталган шкала менен ченегенде 5ке жетет. "Майкл" бороону күчтүү шамал жана бороон аралаш катуу жамгыр менен коштолуп, өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагын суу каптоо жана кыйроолорго алып келген. Учурда бороон бир аз басаңдап, тропикалык шамалдын деңгээлине түштү, анткен менен бороон жалпы 7 адамдын өмүрүн алды.

Флорида штаты менен катар, Алабама, Жоржио штаттарына да өзгөчө кырдаал киргизилди. АКШнын түштүк-чыгышында 100дөй адам эвакуацияланган. CNN телеканалынын маалыматына караганда, табигый кырсыктын кесепетинен 1,1 миллион керектөөчү электр жарыгы жок калды.






АКШнын Флоридадагы аскер аба күчтөрүнүн базасын бороон талкалап кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
12.10.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейкуноо мусульмандарды бомбалай берсенер ушундай болот!!!
12.10.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Причём тут мусулман, кырсык бул дагы. Ал эч нерсеге карабайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: