super.kg logo

Дастан Бекешев: "Дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгон аялдын артында 4 баласы калды"

 

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Дастан Бекешев саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар кемчиликтерди айтты.

Ал саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгон аялдын окуясы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын сурады.

"Жакында эле Нургүл Имангалиева деген аял төрөттөн каза болду. Артында төрт баласы калды. Дарыгерлер аны төрөтүүдө көп катачылык кетирген. Төрт жолу операция жасалыптыр", - деди депутат.

Саламаттыкты сактоо министри аталган окуя боюнча жыйынтык чыга электигин айтып, тиешелүү комиссия учурда териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Мындан сырткары эл өкүлү Бишкек шаарындагы бейтапканалардын саны жетишсиз экенин белгилеп, ооруканалардын кире беришинде бахила сатууну токтотуу керектигин айтты.

Космосбек Чолпонбаев бул маселени терең изилдеп, чечим чыгара турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.10.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу соз менен эмне дегин келип турат. Сага окшогон ХХХ бийликте олтурса ошол болот да.
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-12 17:58:21
12.10.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tina.kg, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Билдирүү түзөтүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: