Караколдун жаңы мэри "Жусупбек Шариповдун күйөө баласы болосузбу?" деген суроого "угулбай жатат" деп жооп берди (аудио)
Коомчулукта Караколдун жаңы шайланган мэри Адыл Каниметов президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экени айтылууда.
Бул маалыматты тактоо үчүн SUPER.KG порталы Адыл Каниметовго байланышты. Аны кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктаганда жооп берип, "Жусупбек Шариповдун күйөө баласы болосузбу" деген суроо узатылганда угулбай жатканын айтып, кайра өзү чала турганын билдирди. Бирок ал тараптан чалуу болбогон соң, кайра байланышсак, анын телефону өчүрүлгөн болуп чыкты.
Кыстарылган аудио
Караколдун жаңы мэри "Жусупбек Шариповдун күйөө баласы болосузбу?" деген суроого "угулбай жатат" деп жооп берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
-1

Билип билбей эле тантырап ар кайсыны айта бербечи. Президент коррупция күрөшүп тууп жолдо бара жатат. Мен президенттин саясатын колдоого алат элем.