Ошто 18 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду
Ош облусунда 18 жаштагы келин төрөттөн кийин уйку безиндеги дарттан улам каза болду. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Замир Шакиров тастыктады.
Маалыматка ылайык, келин 7-октябрда Ош шаардык ооруканасында көз жумган.
"Маркум Ноокат районунун тургуну. Ал көз жаргандан кийин ооруп, бейтапканага кайрылган. Бизде 6 күндөй дарыланып анан каза болуп калды. Келин уйку безинен жабыркаган. Учурда анын өлүмү боюнча териштирүү иштери башталды", - деди координатор.
Ошондой эле келиндин наристеси дени сак төрөлгөнүн, учурда анын абалы жакшы экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Кичинекей чурпого узаак омур берсин Аллахым.
Журогум ооруду эхх((