super.kg logo
  Саясат  

Кылычбек Султан чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрыларын билдирди. Буга удаа ал Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчи кызматынан бошотулду

 

Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына "Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым", - деп жазды. Ошондой эле ал Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Сапар Исаков бошотулмайынча мындай адамды президент деп тааныбай турганын да билдирди.

Жогорудагы пост жарыялангандан көп өтпөй Кылычбек Султан Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганы маалым болду.

Кылычбек Султан Коопсуздук кеңештин иликтөөсүнүн жыйынтыгына байланыштуу: "Жарым жыл коррупция деп какшап келсем, эми аягында жалааларды жаап койгон Коопсуздук кеңеши Жээнбековдун куурчагы экенине көзүм жетти. Башкы прокуратура, УКМК деле Жээнбековдордун куурчагы болуп калышканын түшүндүм. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым", - деп жазды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: