Боорун алмаштырууга муктаж болгон Милан Садыкжан уулуна ийгиликтүү операция жасалды




Боорун алмаштырууга муктаж болгон Милан Садыкжан уулуна ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Садыкжан уулунун жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-октябрда Индиядагы клиникалардын биринде Миланга ийгиликтүү операция жасалган.
"Операция ийгиликтүү өттү. Миланга карындашы донор болду. Азыркы тапта экөөнүн тең абалы жакшы. Күтпөгөн жерден тооруган оорудан сакайып кетүүгө көмөк көрсөткөн бардык кайрымдуу мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле операция жасаган дарыгерлерге да рахмат айтабыз", - деп билдиришти Садыкжан уулунун жакындары.
Буга чейин Милан Садыкжан уулу SUPER.KG порталына жардамга муктаж болуп жатканын айтып кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
13

Карангыда жарык болуп аткан таным.
Эч бир жанга теней алгыс асылдарым,
Ата энем бир тууганым жакындарым.
Кубанычтуу жанылык,бекем ден соолук!!!Бир чети кубансам,бир чети карындашына боорум ооруп турат.