super.kg logo

Британия хандыгында кезектеги той. Ханбийке Евгения турмушка чыкты

 
Тойго келген көрүүчүлөр ханбийке Евгения менен Жек Бруксбэнктин өзгөчө сүрдөнүп турганын белгилешкен.
Көңүл борборунда болгон ханбийке.
Ханбийке Евгения операциядан кийин далында калган тырыктан уялбай турганын айтып, атайын көйнөктү да далын көрсөтө тургандай кылып тиктирген.
Ханбийкеге 12 жашында операция жасалгандан кийин тырык калган.
Ханбийке атасы менен келе жаткан учур.
Ханзаада Уильямдын уулу Жорж менен кызы Шарлотта ханбийкени коштоп киришти.
Үлпөт тойдо Жек Бруксбэнк сүрдөнүп, колу калтырап турганы байкалган.
Ханыша Елизавета II.
Ханзаада Уильям менен жубайы Кейт Миддлтон
Сара Фергюсон кызы ханбийке Беатрис менен.
Ханзаада Гарри
Ханзаада Гарринин жубайы Меган Маркл
Модель Наоми Кэмпбэлл дагы келди.
Актриса Лив Тайлер үлпөт тойго келди.

Улуу Британияда 12-октябрда дүйнө элинин көңүлүн бурган дагы бир үлпөт той өттү. Ханыша Елизавета IIнин небереси, ханзаада Эндрю менен Сара Фергюсондун кызы 28 жаштагы ханбийке Евгения Йоркская сүйүктүүсү Жек Бруксбэнкке турмушка чыкты.

Үлпөт тойго ханыша Елизавета II, ханзаада Филипп Эдинбургский, ханзаада Чарльз Уэльский баш болгон үй-бүлө мүчөлөрү, белгилүү актёр, актрисалар, модель, дизайнерлер катышты.

Ханбийке Евгениянын үлпөт көйнөгү дизайнерлер Питер Пилотто жана Кристофера Де Воско таандык. "Көйнөк тууралуу үлпөт тойду жарыялаганда эле ойлонуп, чечим кабыл алып койгом. Кайсы дизайнерге барарымды, көйнөк кандай болорун билгем", - деп ханбийке маектеринде айтканы бар.

Ханбийкеге 12 жашында омурткаларын түздөө боюнча операция жасалып, андан кийин тырык калган. Муну жашырууну каалабаган ханбийке көйнөгүнүн үстү жагын ачык кылып тиктирип, фата кийүүдөн баш тарткан.

Түгөйлөр 8 жыл сүйүү мамилесин кургандан кийин үйлөнүп жатышат. Алар маалымат каражаттарына берген маегинде Швейцариядагы тоо-лыжа курортунда таанышканын айтып беришкен. Алардын үйлөнүшү тууралуу маалыматты Букингем ордосу 2018-жылдын 22-январында жарыялаган. 32 жаштагы Жек Бруксбэнк падыша үй-бүлөсүнөн эмес. Бирок анын ата-бабалары ак сөөктөрдөн болушкан. Жек Бруксбэнк - алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу Jack Brooksbank Ltd компаниясынын негиздөөчүсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
13.10.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жашоо ушулардыкы экен да
13.10.2018. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман эле хуникго ханбийке. Биздин простая кыздар тоюнда супсулуу болуп калышат. Бул боёнбогондо кандай экен интересно
13.10.2018. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Көйнөгү анча беле эмес экен го?
15.10.2018. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык айымдардын башында баш кийимдери бар экенго. Улуттук,салттык баш кийимби деп ойлоп койдум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: