Эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Айжамал Токтогулова табылды

Чүй облусунун Беловодское айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Айжамал Токтогулова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда апасы Адиля Өмүркулова SUPER.KG порталына кабарлады.
Өмүркулованын айтымында, Айжамалдын кабары тууралуу Бишкек шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунан кабарлашкан. "Кызым, аман экен. Реабилитациялык борбордон чалып кызымды 2 ай мурун алып келишкенин айтышып, сүрөттөрүн жөнөтүштү. Аталган борборго аны милиция кызматкерлери жеткирген экен, бирок Айжамал ата-энем жок деп айтыптыр. Бүгүн барайын десем дем алышта жетекчилиги иштебей, балдар менен жолуктурушпайт экен. Дүйшөмбү күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Кызымды табышууга жардам көрсөткөн бардык адамдарга ыраазымын" - деди Өмүркулова.



Такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!