super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз дзюдочулар Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган беделдүү мелдешке катышат

 

Кыргыз спортчулары Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президентинин кеңешчиси Абай Молдоканов билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеш 27-29-октябрь аралыгында БАЭнин Абу-Даби шаарында өтүп, ага Кыргыз өлкөсүнөн 7 спортчу катышат. Алардын арасында Индонезияда өткөн Азия оюндарында медаль тагынган Артур Те жана Владимир Золоев бар. Азыркы тапта спортчуларыбыз машыгууларды өткөрүп, мелдешке кызуу даярданууда.

Айта кетсек, жалпы эсепте "Abu Dhabi Grand Slam 2018" аттуу мелдеште 65 мамлекеттен 414 спортчу катышат.

Мелдеште катыша турган кыргыз дзюдочулар:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Те жана Бектур Рысмамбетов;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булеркулов;

100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Юрий Краковецкий.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: