Бишкекте жашыруун иштеген казино табылды
6-июль күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Бишкек шаарынын Шопоков-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде “Паллада” аттуу казинонун жашыруун иштеп жаткандыгынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Казинону текшерүү учурунда имаратта 9 оюн столу, 30 оюнчу бар экени катталган. Ошондой эле 300 доллар жана 6000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты алынган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.