super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Торкен айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын кире беришине орнотулган жазууну кошуна айылдын эли талкалап кетишти" дейт окурман

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкен айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын кире беришине орнотулган жазууну кошуна айылдын эли талкалап кетишти. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"1989-жылкылар былтыр мектепти бүтүргөнүнө 10 жыл болгондугуна байланыштуу жакшы саамалык деп айылыбыздын кире беришине "Кара-Жыгач айылы" деген жазууну орнотуп беришкен. Аны көрүп аябай сүйүндүм эле. Быйыл болсо ал жазууну талкалап кетишкенин көрүп жүрөгүм ооруду. Көрсө, Торкен айылынын эли "биздин жерге орнотуп коюшту" деп бузуп кетишиптир. Түшүндүрүү жолу менен чечишсе болбойт беле!? Эми буга ким жооп берет? Айыл башчы, айыл өкмөтү, аким каякты карап отурат? Мамлекеттин мүлкүн талкалап, тоноого боло береби? Кимдер кылса да жазасын алып, кайра калыбына келтирүүгө тийиш. Негизи Кара-Жыгач айылы Торкен айыл өкмөтүнө карайт. Ушундай кайдыгерлик качан токтойт", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
15.10.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде ХХХХХХХ дагы деле жоюла элек,кочодон кичине эле жалтыраган жакшыраак нерсени коруп калса,уйуно которуп кетмей или талкалап жок кылмай...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-15 14:58:05
15.10.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздеда болгон Ала бука районунда. Ала бука районунун 30 жылдыктары орнотушкан ала буканын эстелигин Аксы районун балдары көк бөрүдөн жеңилип калып кетип баратышып талкалап кетишкен. Биз кыргыздар көрө албастык, ичи таардык сезимди башкара албайт баштанабыз. Ошонун айынанда өнүгө албай келебиз.
15.10.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин айлым сенин айлым деп болунгонду качан коебуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: