super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Флойд Мейвезерди беттешке чакырды

 

Хабиб Нурмагомедов америкалык уюштуруучу Дежуане Блэйктин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу америкалык мушкер Флойд Мейвезерди беттешке чакырды. Чакырык тартылган видео Блэйктин баракчасында жарыяланган.

Көпчүлүк тааныбаган, бирок Нурмагомедовдун чакырыгынан кийин талкууга түшкөн Блэйк Мейвезер менен жеке тааныш экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Өз сөзүндө Нурмагомедов Флойд Мейвезерге экөө тең эч кимден утулуп көрбөгөнүн айткан.

"Флойд кел беттешели. Биз эч кимден утулуп көрбөгөн 2 жигитпиз. Жунгли токойлорунда бир эле хан бар, албетте, ал мен. Анткени мен Конорду жаткыра чаба алдым, а сен аны кыла алган эмессиң. Мен аны оңой эле уттум", - деп билдирген Нурмагомедов.

Аталган чакырыкка Мейвезер эч кандай жооп кайтара элек. Бирок көпчүлүк адистердин айтымында, аталган беттеш эч качан болбойт. Анткени Хабиб Нурмагомедов бокс рингине чыгып Мейвезерди ута албайт. Ошол себептүү ал мушкерге октагонго чыгууну сунуштайт. Ал эми Мейвезердин бул сунушту кабыл алышы күмөн жаратат.

Нурмагомедов - UFC'нин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону. Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы дүйнөнүн экс-чемпиону. Ал карьерасында 50 беттеш өткөрүп бир дагы жеңилүү ызасын тарткан эмес.

Мейвезер менен Макгрегор 2017-жылдын августунда беттешкен. Анда алар бокс эрежелери менен таймашкан. Мейвезер техникалык нокаут менен утуп, бул анын акыркы мушташы экенин жарыялаган.





Хабиб Флойдго чакырык таштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(13)
15.10.2018. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Чакырганы жакшы бирок Хабаиб брат кечирип кой.Мейвезерди ута албайсын
15.10.2018. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Флойд сага Конор эмес, ХХХ коет.))
Eka.kg түзөттү 2018-10-15 08:55:18
15.10.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акча керек болсо флойтту бойго чакырып калды Ким эле болбосун
15.10.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Азамат Хабиб оозуна кучу жетпегендер асманга карап керсейишет. кантсе да эр журок мусулмансын. Флойд да сага тийишип арканан бир нерселерди ушактаган да катынчасынан. Амрикосторду титиретип журо бер жашоо бир келет.
15.10.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бул Хабибда озунчо жылдыз оорусуна чалдыкты окшойт бул кетиште копко турбайсын чемпион манканы агыза тургандар чыгат.
15.10.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Баары эле акылдуу ХХХХХХХ бул жон гана тамаша иреетинде айтып отурат го
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-15 12:26:19
15.10.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arsenal93., этика нормаларын сактаңыз!
15.10.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
огтагондон ашып тушуп тополон салгандан кийин эле сыйлабай калдым муну. бир аз маданият деген да болуш керек да. кучум бар деп эле оз билгенин кыла бербестен.
15.10.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койсончу Хабиб, жылдыз оорусу менен ооруп баштапсын. Курошко чакырсан билбейм, бокстан Флойд таанытып коет.
Медиа-портал
15.10.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосу жок!!!
15.10.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хабиб эркекче бокстан сени Флойд накаут кылат.А эгер ММА эрежеси боюнча урушсан жанчасынго
15.10.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хабиб эркексин сени колдойм намыс деген бар,озунун досу учун 2млн доллардан баш тартты ким ушундайга бара алат,биз озубуздукулорду таштабайбыз дейт,жаштарынын келечеги учун тимати деген шайтанды концерт койдурбады,Тимати Бишкеке келсинчи эч ким унчукпайт,жада калса кытайлар кафеде биздин эжелерге тийишип жатат кана бизде Хабибдей патриоттор Хабиб Конорду накдаунга кетирди Флойд ошону кыла алдыбы жок,бул бой болобу болбойбу билбейм бирок Хабиб бокстан деле Флойду женерине ишенем.
15.10.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конорго караганда Флойд мыкты. А Хабиб эмне болуп атканын түшүнүп болбойт. Флойд утуп салса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: