Бишкекте сот адилеттүүлүгүнө нааразы болгондор Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты





Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте сот адилеттүүлүгүнө нааразы болгондор Ак Үйдүн алдына митингге чыгып, Башкы прокуратуранын, соттордун акыйкатсыз чечимдерине нааразычылыктарын билдиришүүдө.
Митингдин катышуучусунун бири Александр Симонов. Ал уулу 2011-жылы акыйкатсыз чечимден улам 18 жылга эркинен ажыратылганын айтып, 7 жылдан бери акыйкаттык таба албай жүргөнүн билдирди.
"Менин уулум 2011-жылы "адам өлтүргөн" деп 18 жылга эркинен ажыратылган. Бүгүн президенттен өлкөдө болуп жаткан башаламандыкты токтотууну суранып, митингге чыктык. Жогорку Сотто анын иши каралган учурда уулумдун укуктары корголгон эмес. Анын иши жактоочусуз каралган, бирок мындайга мыйзам жол бербейт. Ушул нерсени эч ким териштирген жок, ошол убактан бери акыйкат издеп чуркап жүрөм. Бул иш боюнча кийин териштирүү болгон, анын жыйынтыгына ылайык, уулумду 18 жылга эркинен ажыраткан соттор жоопко тартылсын деген жыйынтык чыккан. Бирок андан эч нерсе өзгөргөн жок. Учурда мен соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылып жатам. Мен сыяктуу соттун адилетсиздигинен жабыркагандар көп, жанымда үйүн алдырып жибергендер да акыйкат издеп жүрөт", - дейт Симонов.
Симоновдун айтымына караганда, ал акыйкат издеп бүгүн тогузунчу жолу митингге чыкты. Буга чейин Башкы прокуратуранын алдына, президент жашаган резиденциянын алдына, кийин ал өтчү Түштүк Магистралга да жолдун боюна чыгып келген.
Ак үйдүн алдына акыйкат издегендер митингге чыгышты
