Кадамжай районунда айдоочу рулду башкара албай жүргүнчүлөрү менен сууга түшүп кетти
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда айдоочу рулду башкара албай жүргүнчүлөрү менен сууга түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-октябрь күнү саат 22:26 чамасында Кадамжай-Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында Лексус RХ-300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 2 эркек адам болгон, алар эч кандай жаракат алган эмес. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаанын ичиндеги адамдарды унаадан чыгарышып, тиешелүү кызматтардын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!