super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Салык кызматынын төрагасы кийинки жыйынга келбесе тийиштүү маселелерди карабайбыз"

 

Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров жыйынга келбегенине нааразы болду. "Салык кызматынын төрагасы комитеттин жыйынына дайыма келбейт. Орун басары эле жөнөтө берет. Эмне үчүн төрага өзү келген жок?" - деп сурады депутат.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов төрага учурда премьер-министрге жолуга турганын айтты.

Депутат аталган кызматтын жетекчиси кийинки жыйынга келбесе, тийиштүү маселелерди карабай турганын айтты.

Учурда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Бюджеттик кодексине, Токой кодексине, "Жайыттар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: