Бишкекте кафенин официанты менен күзөтчүсүн сабоого шектелип издөөдө жүргөн 2 адам кармалды



Бишкектеги кафелердин биринин официантын жана күзөтчүсүн сабоого шектелген дагы 2 адам кармалганын 15-октябрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн эки адамдын бири Ош облусунан, экинчиси Чүй облусунун аймагынан кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Буга чейин алардын бири кармалып, 2 айга камакка алынган болчу.
6-октябрь күнү кафе кызматкерлерин 3 адам сабаган видео социалдык тармактарда тарап кеткен. Кийин жабырлануучулар борбордогу ооруканалардын бирине жаткырылгандыгы белгилүү болгон.
Бишкектеги кафедеги мушташ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.