super.kg logo

Депутат Акматов каржы министрине 3 жылдан бери Кыргыз мамлекети чет өлкөлөрдөн канча насыя алганын тактап коюуну сунуштады

 

Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат Алмасбек Акматов каржы министри Адылбек Касымалиевден 3 жылдан бери Кыргыз мамлекети башка өлкөдөн канча насыя алганын сурады.

Касымалиев так маалыматы жок экенин билдирди.

Депутат бул боюнча суроону министрден Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бере турганын эскертти. “Сиз мамлекет казынасын кармаган адамсыз. Насыя, гранттарга өтө жооптуу караңыз. Анткени бул карыздар кийинки муунга жүктөлөт. Сиздин жоопкерчилигиңиз чоң”, - деп эл өкүлү министрге кайрылды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк сатып-өткөрүү чынжырчасын каржылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкы ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: