super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Чернобыль кырсыгына катышкан депутаттар жок

 

Жогорку Кеңеште Чернобыль кырсыгына катышкан депутаттар жок экенин ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. “Баланын укуктарын коргоочулар лигасы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Назгүл Турдубекова үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Калкты социалдык жактан коргоо маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйынында парламент депутаттары чернобылчы жана ооганчы катары социалдык жөлөк пул алып жатышканын билдирген. Жогорку Кеңеште чернобылчы депутаттар жок. Ал эми Ооган согушунда интернационалдык милдетти аткарышкан депутаттар Нурлан Төрөбеков, Кожобек Рыспаев жана Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин ведомосту боюнча социалдык жөлөк пул алышпайт. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы укук коргоочуларды расмий жыйындарда маалымат айтуунун алдында аны дааналап текшерүүнү өтүнөт”,- деп жазылган билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: