super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аркан тартышам деп тайгаланып жыгылган Максат Садырбеков, топ үчүн сууга чөгүп кете жаздаган Кайрат Примбердиев. Жылдыздардын суудагы күч сынашуусу

 

SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмү жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт. Катышуучулардын шамдагайлыгын сыноо максатында бул ирет суу оюндары тандап алынган.

Эсиңиздерде болсо, буга чейин ырчы Айдана Дека, "тамашоучулар" Урмат Борченов, Элдос Аскарбеков бийик жардан секирип тобокелге барышкан. Кийинки этапта кайрадан Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан. Ошондой эле жылдыздар чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып бампербол оюнунда күч сынашкан.

Бул ирет оюнга эстрада жылдыздары Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев, Максат Садырбеков, КG Элмурат, алып баруучу, тамада Максат Надырбеков, "тамашоучу" Мыктыбек Мукаев, актриса Алиша Диа болду. Аты аталган жылдыздар "Бүркүт" жана "Акула" деп 2 топко бөлүнүштү.

Командалар 2 топко бөлүнгөн соң оюндун шарттары түшүндүрүлүп, сынак башталды. Оюн 4-бөлүктөн турду. Алгач команда мүчөлөрү эстафета түрүндө сууда сүзүү боюнча мелдешке чыгышты. Андан соң бассейндин бурчуна туруп аркан тартып, бири-бирин сууга түшүрүүгө аракет жасашты.

Аркан тартыш оюнунда кокусунан тайгаланып жыгылган ырчы Максат Садырбеков буларга токтолду.

"Бассейндин чети суу болуп калгандыктан, аркан тартыш учурунда тайгаланып жыгылып түштүм. Жыгылбаганда, балким, атаандашымды сууга тартып түшүрөт белем. Ал эми жалпысынан оюн аябай кызыктуу өттү", - деди ал.

3-бөлүктө оюнчулар белгиленген алыстыкта туруп бассейндин четине коюлган мамыларды топ менен кулатууга аракет кылышты. Аталган сынакта оюнчулардын таамайлыгы текшерилип, ал эми жыйынтыктоочу оюнда суу ичиндеги гандбол орун алды.

"Суу ичинде кол менен топ ыргытуу өтө оор экен. Бирок болгон аракетибизди жумшадык. Топ колума тийгенде атаандаштар артымдан сүзүп келип, топту алганга аракет жасап, мени сууга чөктүрүп коё жаздашты" деп күлдү Кайрат Примбердиев.

Оюн учурундагы күтүүсүз жана кызыктуу көз ирмемдерди жана кайсы команда жеңишке жетишкендиги тууралуу жакынкы күндөрдө SUPER TV бөлүмүнөн көрө аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
16.10.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал залга барып жатам деди беле?
16.10.2018. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,оа кайра семриптии
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: