super.kg logo

Ошто жол кырсыгынан 15 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

 

Ош облусунда жол кырсыгынан 15 адам жабыркаган. Алардын ичинен экөө өспүрүмдөр. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-октябрда саат 14:30 чамасында Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылында болгон.

"Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу 56 жаштагы Б.К. Мырзаке айылына жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан. Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылына жеткенде каршы багыттагы Фольскваген Поло үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп кеткен. Ал унааны 27 жаштагы Т.К. башкарып бара жаткан. Кырсыктан улам эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттарды алышкан. Алар Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилип, алгачкы текшерүүдөн соң үйлөрүнө кайтышкан. Ал эми бир айдоочу ооруканага жаткырылды", - деп билдирет Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү. Учурда бул окуя боюнча Өзгөн РИИБи териштирүү иштерин баштаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
15.10.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноо кимде экен кошо жазсанар
15.10.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stal.ks, Фольксваген поло окшойт, каршы багытта келе жаткан экен го...
15.10.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stal.ks, Volkswagen Poloдо да куну.Байкуш РФ келе жаткан окшойт уктап кетип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: