Жаш режиссёр Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы Орусияда өткөн фестивалда байгеге ээ болду
Жаш режиссёр Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында өткөн "Bridge of Arts" IV эл аралык фестивалында байгеге ээ болду. Бул тууралуу аталган фестивалдын расмий сайты маалымдады.
Аскар Нуракун уулу режиссёрлук кылган "Киноман" тасмасы кыска метраждуу тасмалардын ичинен "Тасмага болгон сүйүүнү даңазалаган" деген диплом менен сыйланган. Ал эми эң мыкты деп франциялык режиссёрлор Жюльен Эрве жана Филипп Мишлендин "Жумшак оюнчук" тасмасы табылган.
Аталган кинофестиваль 10-октябрдан 14-октябрга чейин өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















