super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда студенттердин стипендиясы көтөрүлдү

 

Кыргызстанда студенттердин стипендиясы жогорулады. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 4-июлда кол койгон. Мындай чара республиканын мамлекеттик баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерин социалдык жактан колдоону күчөтүү максатында кабыл алынган. Белгилүү болгондой, стипендиянын көлөмү 276 сомдон 800 сомго чейин жогорулайт. Студенттер жакшы жана мыкты баалары үчүн 720 сом ала баштайт. Ал эми канаатандырарлык баа алгандар үчүн стипендиянын көлөмү 166, 148 жана 130 сомдон 500, 400 жана 300 сомго жогорулайт. Ошондой эле 2-3 жылдан ашуун мыкты окуган жана тамак-аш менен камсыздалган студенттерге 300 сомдон, жакшы жана мыкты бааларга окугандарга 250 сом, жакшы гана бааларга окугандар үчүн 200 сомдон бөлүнөт. Бул токтом расмий жарыялангандан тарта күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-сентябрынан тарта ишке ашырыла баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: