super.kg logo

Ошто аскер комиссариатынын кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү

 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы аскер комиссариатынын Ж.А. аттуу кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Криминалдык милиция кызматынын түштүк аймактар аралык башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылган. Арызда аскер комиссариатынын кызматкери уулуна аскер күбөлүгүн жасап берүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылып жаткандыгы белгилеген.

"Аскер комиссариатынын кызматкери ушул жылдын май айынан бери андан 19 миң сом алгандыгы, учурда дагы 5 миң сом пара талап кылып жаткандыгы такталган. Факты боюнча Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча (опузалап пара талап кылуу) кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өзүнүн иш бөлмөсүндө 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.10.2018. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Армияга барбаса альтернатив алганы 25 миң экен да
16.10.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Маалымат учун: Аскердик кызмат 18 жаштан 25 жашка чейин болот. Альтернативдик кызмат баланын ден соолугу кызмат отоого жол бербесе 18 жаштан 25 жашка чейин откорсо болот. Ал эми 27 жашка толгон, бирок эч кандай армияга (1 жылдык, альтернатив) барбаган болсо мамлекеттин казынасына (банкка) 25 000 сом толоп аскердик билет алуу мыйзамдуу. Бул жаран военкоматтан ошол мыйзамдуу болгон 25 мин сомду айтса пара деп тушунуп алган болсо керек.
16.10.2018. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aibo_85,
Банкка толошу керек! Через ошонун колу мн откудой асмандан тушуптурбу? Аскер комиссариатка квитанциясын эле берет ай сайын!
16.10.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagyn.91, тушунбопсун. Альтернативдик кызмат жонундо айткан жокмун. 27 жашка толгон, бирок эч кандай армияга (1 жылдык, альтернатив) барбаган болсо дагы ал жаран созсуз турдо аскердик билет алышы керек. 1 жылдыкка бара албайт, альтернативке бара албайт, себеби 25 жашка чейин эле. Анан мамлекет 27 жаштан откондорго мамлекеттин казынасына 25 эсептик корсоткучту (25000) толоого милдеттендирип мыйзам чыгарып койгон. Ошол жонундо сооз болуп жатат.
16.10.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маалымат өзү түшүнүктүү эмес берилген Супер тактап анан жазсаңар эмне үчүн пара алып жатканын, балким альтернатив алып атканда колго түштүбү
16.10.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
warcaw,
Саламатсызбы?
Арызда аскер комиссариатынын кызматкери уулуна аскер күбөлүгүн жасап берүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылып жаткандыгы белгилеген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: