ЖЫЛНААМА, 16-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков 48 жашка толду
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков 1970-жылы Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган.
Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерциялык, андан кийин юридика факультетин аяктаган.
1995-жылдын декабрь айынан июнь айына чейин - Мамлекеттик салык инспекциясынын Октябрь районунда инспектору;
1995-2003-жылдары – Мамлекеттик салык инспекциясынын Биринчи Май району боюнча инспектору, сектор башчысы;
2003-2006-жылдары – Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин району боюнча башчысы;
2006-2008-жылдары – Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов району боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2008-2009-жылдары – Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
2009-2010-жылдары – Экономиканы жөнгө салуу министрлигине караштуу Этил спирти менен алкоголь продукцияны чыгарууну жана өндүрүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;
Ал эми 2010-жылдын октябрында "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2015-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда аталган фракциянын лидери.
16-октябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

