super.kg logo
  Спорт  

Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндары: Баскетбол боюнча Кыргыз курама командасы бардык оюндарда жеңилүү ызасын тартты

 

Аргентинада өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында стритбол боюнча Кыргыз курама командасы бардык атаандаштарынан жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын баскетбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курама командасы Италия, Казакстан, Бельгия, Латвия курамалары менен бирге "D" тайпасына туш келген.

10-октябрда Кыргыз курамасы Казакстан жана Бельгия курамалары менен беттеш өткөргөн. Анда Кыргыз курамасы эки командага тең мөөнөтүнө чейин эле утулуп калган. Ал эми 14-октябрда дагы 2 оюн орун алып, анда дагы бескетболчулар жеңилүү ызасын тартышкан.

Турнирдик жадыбалда Кыргыз курамасы "D" тайпасында акыркы орунду ээлеп оюндан четтетилди.

Маалымат үчүн: Стритбол (көчө баскетболу) - баскетболго караганда оюнчулардын саны аз (3 эле оюнчу) жана эки эсеге кичинекей аянтта (баскетбол аянтынын жарымы) ойнолот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.10.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опыт топтогонунар жакшы болуптур,бирок оюн аяктагыча женилип калып жатканынар чатак болуптур го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: