Бишкекте айдоочу унаасы менен жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү тилкесинен кош бойлуу келинди сүзүп кетти
Бишкекте айдоочу унаасы менен жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү тилкесинен кош бойлуу келинди сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 16-октябрда саат 7:00дөр чамасында Мухтар Ауэзов көчөсүндө болгон.
"Аталган жол кырсыгында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа жөө жүрүүчүлөр өтүүчү тилкеден 1995-жылы туулган кош бойлуу келинди сүзүп кеткен. Жабырлануучу дароо ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта унаа айып аянтчасына токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди маалымат кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Саламатсыздарбы? Сунуштарды эске алабыз, рахмат.