Мамлекеттик чек ара кызматы КМШ өлкөлөрү менен биргелешкен "Мекен чеги" операциясын аягына чыгарды
Мамлекеттик чек ара кызматы биргелешкен "Мекен чеги-2018" чек ара операциясын аягына чыгарды. Бүгүн, 16-октябрда аталган мекемеде операциянын жыйынтыгы тууралуу жыйын өтүүдө. Анда айтылгандай, операция сентябрь айында Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын жана Тажикстандын аймагында үч этап менен өткөрүлгөн.
Биргелешкен атайын операцияга Кыргыз тараптан 2 миңге чукул аскер кызматкери катышып, 882 унаа каражаты тартылган. Ал эми Тажикстандан 3 миң 800 аскер катышкан. Казакстанда өткөн бул операцияга 2 миң 500 аскер, Орусияда 18 миң 524 аскер катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















