Төө-Ашуу менен Боом капчыгайында жол кыймылы күнү-түнү көзөмөлдөнүүдө



Төө-Ашуу менен Боом капчыгайларында жол кыймылы күнү-түнү көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББи менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам күнү-түнү жол кыймылын көзөмөлдөөдө.
"Айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты жана ылдамдыкты сактоо керектиги эскертилүүдө. Ошондой эле жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанына чынжыр алып жүрүүнү сунуштоодо. Айдоочулар жол жүрүүдө кандайдыр бир көйгөйгө туш болсо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер аларга жардам берүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ilim07

16.10.2018. 19:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам админ Чаткал районунун жолун билип берсенер жакшы болот эле Чапчыма ашуусун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.