super.kg logo
  Спорт  

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна машыктыруучу катары барат

 

Венгриянын Будапешт шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыздын атактуу балбаны Айсулуу Тыныбекова машыктыруучу катары барат.

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште жалпы 10 медалдар топтому ойнотулат. Бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн намысын Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова коргойт.

Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы Франциянын Париж шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медалды тагынган. Ошондой эле Тыныбекова Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазаровага Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда колдоо көрсөтүп, машыктыруучу катары кызмат кылган.

Келе жаткан Дүйнө биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жардамчысы болот.

Кыз-келиндер арасындагы күрөш 22-25-октябрь аралыгында өтөт.

Кыргыз курамасы:

68 килограммга чейинки салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова;

76 килограммга чейинки салмак ченинде: Айпери Медет кызы;

Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков;

Машыктыруучу: Айсулуу Тыныбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: