Кыргыз спортчулар кайык менен сүзүү боюнча Азия чемпиондугуна катышат

Кайык менен сүзүү боюнча Кыргыз курама командасы Өзбекстанда өтүүчү жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
23 жашка чейинки спортчулар арасында өтө турган Азия чемпиондугу Өзбекстандын Самарканд шаарында 20-25-октябрь аралыгында өтөт. Ага Кыргыз өлкөсүнөн машыктыруучулар Олег Роганов, Елена Буханцова жана Оксана Бабактын баштоосунда 10 спортчу катышат. Алардын арасында 6 спорт чебери жана 4 спорт чеберине талапкерлер бар.
Кыргыз курама командасы:
- Эрлан Султангазиев;
- Максим Сердитов;
- Кирилл Бондарь;
- Рысбек Төлөмүшов;
- Родион Туйгунов;
- Вячеслав Солдатов;
- Айбек Бегалиев;
- Данил Старченко;
- Тахир Абдразаков.
Машыктыруучулар:
- Олег Роганов;
- Оксана Бабак;
- Елена Буханцова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.