super.kg logo

Чек ара кызматы Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосундагы чатактардын эмнеден улам болуп жатканын түшүндүрдү

 

"Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосунда дагы 519 чакырым чек ара тактала элек". Мындай маалыматты чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 16-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арага жакын айылдарындагы жашоочулардын ортосунда пикир-келишпестинтин жаралышына чек аранын такталбай жатышы себеп болууда.

"Чек аранын такталбаганынан улам жер, жайыт, суу талаштар болуп жатат. Ошондой эле элдин чек арага тыгыз жайгашканы чатак чыгууга себеп болууда. Бул маселелер Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан гана эмес, өкмөт тарабынан да катуу көзөмөлгө алынып, иштер жүрүп жатат. Биздин маалымат боюнча жакынкы күндөрү эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, маселени чечүү аракеттери көрүлөт. Эки өлкөнүн чек арасы жалпы 970 чакырым болсо, 519 чакырымы тактала элек", - деди Шаршеев.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргыз-Тажик чек арасында жалпы 7 чатак чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.10.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча чек ара кызматынын төрагасы алмашты,бири да ушу маселени чечкен жок. Бир тарыхта атыңызды калтырып чечип коюңузчу ошо 519 км жерди.
16.10.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ого чегара бир жума мурун биздин айылда мектептин айнектерин талкалап Жакшы окуучу болгон емес ичинде А качан чечилет
16.10.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми чек ара да такталып калат деген ойдомун. Такталбаган ушул Тажикстан эле калды окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: