super.kg logo

Депутат Кыргыз өлкөсүндө жүргөн чет өлкөлүк жарандарды каттоого алган бирдиктүү база жок экенин айтты

 

Депутат Зарылбек Рысалиев Кыргыз мамлекетинде жүргөн чет өлкөлүк жарандарды каттоого алган бирдиктүү база жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-октябрда парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Биздин өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандарды каттоого ала турган бирдиктүү база барбы? Бирдиктүү база жок болсо силер сунуштап жаткан мыйзамдагы өзгөртүү кантип иштейт? Эгерде эртең өлкөдөгү мигранттар тарабынан терракт болуп кетсе маалыматты кимден сурайбыз? Бүгүнкү күнү чет өлкөлүк канча адам каттоодо турат?” - деди Рысалиев.

Кыргыз өлкөсүндө жүргөн чет өлкөлүк жарандардын ичинен канча адам бирдиктүү базада турганы боюнча ИИМдин, Мамлекеттик миграция кызматынын жана УКМКнын өкүлдөрү так жооп берген жок.

Депутат Наталья Никитенко Зарылбек Рысалиев койгон бул суроо орчундуу экенин, бирдиктүү базаны түзүүнү жана эртең мыйзам долбоорун палатага чыгарып жатканда даярданып келүүгө чакырды.

Тармактык комитет “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.10.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда мигрантардын базасы эмес.Мамлекеттик жумушта иштегендердин базасы барбы!Тартип жок бизде депутатттар эч кимге кереги жок мыйзамдарды талашып тартышымыш болуп эптеп иштеп жаткан болуп корунуп эле журушот.ашмалтайы чыгып.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: