super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 16-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 44 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Тазабек Икрамов 1974-жылы 16-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеӊир айылында туулган.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун дене тарбия мугалими адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция адистигин бүтүргөн.
1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими;
2000-2007-жылдары жеке ишкер;
2007-2010-жылдары "Элдик чындык" коомдук фондунун төрагасы;
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр жай палатасынын Кытай Эл Республикасындагы өкүлү;
2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын башкы директорунун кеӊешчиси;
Ал эми 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын атынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Учурда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасынын орун басары.
Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.
16-октябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: