Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды

Бүгүн, 8-июлда президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы унаа жолдорун куруу жана оңдоп-түзөө курулуш иштеринин жүрүшү талкууланды. Негизинен өлкөдөгү маанилүү болгон Ош-Баткен-Исфана, Бишкек-Торугарт жана Түп-Кеген унаа жолдорунун курулуш маселелери каралды. Министр өлкө башчыга “Ош-Баткен-Исфана” унаа жолунун долбоору боюнча жакынкы күндөрү унаа жолдун “Баткен-Исфана” аймагында курулуш иштери башталарын маалымдады. Ал ошондой эле түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативдүү унаа жолунун курулушуна даярдыктар жүрүп жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

